Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

«Кылым шамы» эркин чогулуу укугун коргойт


БИШКЕК. «Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюму 17-майда өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө уруксат сурап, Биринчи май райондук администрациясына кайрылды. Акимчилик андай митинг өткөрүүгө каршы эместигин билдирди. Бул тууралуу «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, митингге 15 адам катышат жана анда атуулдардын тынчтык максатта чогулуу тууралуу Конституциялык укугун бузбоо чакырыгы бийликке жолдонмокчу. Биринчи май райондук администрациясынын аппаратынын башчысы Евгений Кузнецов «Кылым шамы» уюму митинг өткөрүүгө уруксат сурап кайрылганын ырастап, бирок Конституция боюнча ага уруксат берүүнүн зарылдыгы жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG