Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:14

Кыргыз-кытай чегарасы боюнча акыркы сүйлөшүүлөр өтөт


БИШКЕК. 14-мартта Бишкекте кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын акыркы жолугушуусу болот. Анда демаркацияланган чегара боюнча документтер такталып, жогорку деңгээлде кол коюуга даярдалат. Бул тууралуу кыргыз-кытай чегарасы боюнча сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын башчысы, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов бүгүн билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын ичинде эки мамлекеттин чегарасын демаркациялоонун аякташы жөнүндө протоколго өкмөт башчылары, же министрлер деңгээлине кол коюлмакчы.

Кыргыз-кытай чегарасы боюнча келишимге президенттер деңгээлинде 1996- жана 1999-жылдары кол коюлган. Ал келишимдерге ылайык Үзөңгүкууш баш болгон бир нече жер участокторунун Кытайга берилиши кыргыз оппозициясынын катуу нааразылыгын пайда кылган. Бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн пайдага чечилгенин айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG