Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Жинжичтин үй бүлөсү коркуп жатканын билдиришти


БЕЛГРАД. Кол салуудан өлгөн Сербиянын премьер-министр Зоран Жинжичтин энеси менен биртууганы телефон аркылуу коркутууларга кирептер болууда, ошондуктан, бул эки аял полициянын көзөмөлүнө муктаж. Бүгүн үй-бүлөнүн адвокаты Радивож Понович ушундай билдирүү менен чыкты. Анын айтымында, мындай коркутуулар Жинджичтин ишине байланыштуу сот иши башталгандан бери күчөдү. Премьер-министрди өлтүргөндүгүнөн шектелген Луковичке байланыштуу сот иши дүйшөмбүдө башталган.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага

XS
SM
MD
LG