ХЕЛЬСИНКИ. Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу өкүлү Харри Холкери ооруканага капыстан жаткырылды, бирок анын себеби ачыкталган жок. Бул тууралуу Финляндиянын тышкы иштер министрлиги маалымдады. Холкери Косоводо мартта болгон улуттар аралык кагылышуудан кийин катуу сынга алынып келаткан.