Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:52

Экстремисттик топ олимпиадачыларды коркутуп кат жазды


АФИНА. Өзүн “Төңкөрүшчүл күрөш” деп атаган грекиялык экстремисттик топ олимпиадалык оюндардын катышуучуларына кат жолдоп, анда алдыдагы коркунучту эскертти. Уюм апталык “Понтики” басылмасына жарыяланган бул катында Афина шаарындагы полиция имаратындагы 5-майдагы жардырууну өз мойнуна алган. Өкмөттүн өкүлүнүн маалымдашынча, бул эскертүүгө олуттуу мамиле жасалып жатат, бирок өзгөчө тынчсыздануунун жөнү жок.

Буга чейин расмий Афина августтагы олимпиадалык оюндардын коопсуздугун 70 миң кызматчы көзөмөлдөөрүн жарыялаган. Башкача айтканда, бир спортчуга орто эсеп менен жетиден полиция туура келет.

XS
SM
MD
LG