ГАЗА. Бүгүн Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесин көздөй эки жолу ракеталык сокку уруп, андан 11 палестиндик өлдү. Мындай чабуулду Израил шейшемби, шаршемби күндөрү жөөттөрдүн 11 аскерин палестиндиктер өлтүргөндөн кийин баштады. Абадан сокку уруунун башкы себеби катары кечээ брондолгон автоунааны Израилдин 5 аскери менен кошо жардырылышы аталууда.