Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

52 мамлекеттин өкүлдөрү эл аралык конференцияга чогулушту


Европа жана Азиядагы 52 мамлекеттин өкүлдөрү Сараеводо балдардын укуктарына арналган эл аралык конференцияга чогулушту. Босния, Германия жана БУУнун балдар агенттиги – ЮНИСЕФ биргелешип уюштурган жыйында балдарды кордоп-басмырлоо, малайлыкка колдонуп сатуу, аскердик аракеттерге пайдаланууну токтотуу маселелери талкууланып жатат. Расмий делегациялар менен кошо бул жыйынга ар башка өлкөлөрдөн келген жаш өспүрүмдөр менен жеткинчектер да катышууда. Жыйынды ачкан сөзүндө ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэрол Беллами дүйнөдө балдарды сексуалдык кулчулукка пайдалануу жана аскердик аракеттерге аралаштыруу аракеттери көбөйүп баратканына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG