Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

МИЛИЦИЯНЫН КҮБӨЛҮГҮ, КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЙЛЫГЫ, ООГАНСТАНДЫН ҮМҮТҮ


Ички иштер кызматкерлеринин калк арасындагы кадыры жылдан-жылга түшүүдө. Кыргызстандын байлыгы - суу. Бирок да анын айланасында кийинки жылдары кошуна республикалар арасында түшүнбөстүктөр орун алууда. Бишкекте Ооганстан проблемасы, ага Борбор Азия, Иран өлкөлөрү кандай көмөк көрсөтө алаарын талкуулаган жыйын өттү.

Ансыз деле Ооганстан экономикалык жагынан эртерээк бутуна туруп кетиши үчүн Борбор Азия республикалары, Иран менен Пакистан колдон келген көмөгүн көрсөтүп жатышат, деп белгилейт бейшембидеги “МСН” гезити. Башкача болушу да мүмкүн эмес. Маданияты, тарыхы, салт-санаасы окшош калктар оңой тил табышат.

Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш Караксай айыл өкмөтүнө караштуу жерден чек ара посту ичкери жылдырылгандан кийин тажиктер көчөт эгип, жер ээлөө аракетин жасашканын Александр Ким менен Юрий Груздов ушул эле гезитте маалымдашкан. Караташ менен Көкташ айылдарынын жанында 220 гектир жердин тагдыры чечиле элек. Бош турган жерге Тажикстандын Ворух жана Чорку айылдарынын калкы көчөт эгип, жерге ээлик кыла башташкан. Жергиликтүү элдин тынч-жай түшүндүрүүсүнөн натыйжа чыкпагандан кийин отургузулган көчөттөрдү жулуп ташташкан. Тажикстандык атуулдар жайкысын малын Кыргызстандын жайыттарында багып, кышкысын тоодогу арчаларды отунга кыйышууда, деп маалымдайт гезит авторлору.

Кыргыз милициясында иштегендер элүү жашка чыккандан кийин пенсияга чыгарылат. Алдуу-күчтүү, тажрыйбалуу кызматкерлердин көбү жумуштан бошотулуп, ушу тапта дүкөн, базар, ишкерлердин офисин кайтарган кароолчу болуп иштешүүдө. Дымагы күчтүү, иш жоопкерчилигине караганда чөнтөгүн көбүрөөк ойлонгон жаш милиция кызматкерлери көбөйүүдө. Ошолордун айынан ички иштер кызматынын кадыры түшүүдө деп белгилейт Ырысбек Өмүрзаков бейшембидеги “Трибуна” гезитиндеги “Түшүрүп, жүктөп акча тапкандар” деген макаласында.

“Кыргызстан маданияты” жумалыгынын жаңы санында адабиятчы Салижан Жигитовдун Чыңгыз Айтматовдун адабиятка жаңы келген кезин баяндаган көлөмдүү макаласы жарыяланган.

Бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезитинде парламент депутаты Темирбек Сариевдин “Биздин болгон байлыгыбыз суу” деген макаласы жарыяланды. Анда автор коңшу республикалардын кийинки кездери суу маселеси боюнча Кыргызстанга бир катар кинелерди коюп келгенине токтолгон. Арал деңизин сактоо боюнча Кыргызстан гана алган милдеттенмесин толук аткарды, деп белгилейт парламент депутаты.

Эми жума күнкү гезиттерде жарыяланган материалдарга токтоло кетсек. Аны “Агым” гезитинин жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовадан уксак:

- Гезитибиздин бүгүнкү саны “Политбюро билдирет!” рубрикасы менен ачылат. Мында “Криминалдык разборкалар саясатка оошобу?”, “Ашыркуловго кол салган Таалайдын артында ким турат?” деген суроолорго жооп аласыздар. Экс-министр М.Иманалиевдин “Элчилер кандай эл болушат?” деген маегин, “Мурунку-кийинки А.Мадумаров кандай?” деген суроого өзүнүн берген жообун окуй аласыздар.

Кеп “Бишкек таймс” гезитинин жооптуу катчысы Базарбай Гапаровдо:

- “Американын лашкерлерине кандай карайсыз?” деген собол менен баштадык. Мында Батыштын курч окуялуу кинолорунун бүгүнкү жаш муунга тийгизип жаткан таасири жөнүндө сөз болот. “Жакырчылыктан кантип кутулабыз?” суроосунун алдында пикирлер жарыяланууда. Айрым министрлер менен чиновниктерге “Жагымсыз суроолор” рубрикасынын алдында жарыялаган суроолорубуз бар. Президенттикке талапкер боло алат деген айрым талапкерлердин портреттерине сүртүмдөр жасалды.

“Кыргыз руху” гезитинде жарыяланган материалдар жайында басылманын жооптуу катчысы Семетей Талас уулу маалымдайт:

- 5-майда Ч.Алиев кантип өлтүрүлгөндүгү тууралуу журналисттик изилдөө жүргүзгөнбүз. Алмир Матановдун Кыргызстандагы криминогендик кооптуу кырдаал тууралуу “Атажурт коркунучтабы?” деген макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG