НАРЫН. Шаарды таза суу менен камсыз кылуу кыйындагандыктан «Нарын суу-канал» ишканасы шаар тургундарына кайрылуу жолдошту. Анда шаар калкынын карызы 1 млн. 389 миң сом, ал эми бюджеттик мекемелердин дебитордук карызы 1 млн. 841 миң сом, чарбалык эсептеги мекемелердин карызы 216,4 миң сомду түзөөрү айтылып, шаар калкын пайдаланган суу үчүн акыны өз убагында төлөөгө жана үйдө, сыртта сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырышты. Анткени шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1940-, 1960- жана 1970-жылдар аралыгында курулган жер алдындагы 77,9 км. суу түтүктөрү жылдан-жылга эскирип, ар кайсы жеринен улам жарылып, пайдаланууга жараксыз болуп барат. Аны оңдоого аталган ишкананын каражаты жок. Ал эми жергиликтүү бюджеттен эч каражат бөлүнбөйт.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор - Кубат Оторбаев.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор - Кубат Оторбаев.