БИШКЕК. 17-майда Кыргызстандын укук коргоочулары өкмөт үйүнүн алдына «Биз тынч жыйындарды өткөргөн учурда мыйзамсыз камакка алууларга каршыбыз» деген ураан алдында пикетке чыгышат. Аны өткөрүүгө «Кылым шамы» коомдук фонду демилгечи болуп, тынч жыйындарды өткөргөн маалда анын катышуучуларын кармоо мыйзамсыз экендигине бийликтин көңүлүн бурууну максат кылууда. Аталган фонддун төрайымы Азиза Абдрасулованын билдирүүсүнө караганда, пикетке чыккандар менен президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун жолугушуусун талап кылышууда.
Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын жетекчиси Марс Саккараев фондун өкүлдөрү менен 14-майда жолугушуп, президенттик администрация өкүлдөрү менен кездештирүүгө убада бергендигин фонд төрайымы Азиза Абдрасулова кабарлады.