Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

ЖККУнун мамлекет башчылары Астанага июнда чогулушат


БИШКЕК. Ушул жылдын 18-19-июнь күндөрү Казакстандын Астана шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин башчыларынын жыйыны болот. Анда карала турган маселелерди Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжа талкуулап, такташкандыгын Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, Николай Бордюжа ЖККУнун негизги багыты эл аралык терроризмге, маңзаттар соодасына жана саясий экстремизмге каршы күрөшүү экендигин билдирген. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттер уюмдун тез аракеттенүүчү күчтөрүн маңзаттардын соодасына, курал-жаракты мыйзамсыз сатууга жана уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында антитеррористтик операцияларды жүргүзүүгө колдонуу маселеси талкуулана тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG