Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Экс-губернатор жоопко тартылабы?


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Анапияевге карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунда башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Анын маалыматына караганда, экс-губернатордон мыйзамсыз сартпаган 2 миллион 300 миң сом казынага кайтарылып алынды жана ал бюджеттик каражатты мыйзамсыз сарптаганы тууралуу маалымат президентке берилди. Ушундан улам депутаттар Эмилбек Анапияев Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болуп иштөөгө укугу жок деп билдиришти.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Эмилбек Анапияевди атайын өкүлдүк кызматтан алууну президент өкмөт менен кеңешип туруп кийинчерээк чечээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG