Бул тууралуу америкалык сенаттын тышкы иштер комитетинин башчысы Ричард Лугар билдирди. Сенатта дүйнөлүк банкка байланыштуу коррупциялык жаңжалдар талкууланууда. Банктын өкүлү өз кезегинде мындай цифра күмөндүү экенин айтып, ошол эле учурда банк тарткан чыгымын эч качан эсептебегендигин моюнга алды.