Дзюнитиро Коидзуми түндүккореялык жетекчилер менен бир катар маселелерди, айрыкча Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан проблемаларды талкуулайт. Түндүк Кореянын өкүлү бүгүн Пекинде аяктаган көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасында Вашингтондун “кемсинткен” талаптарына карабастан Пхеньян мындан кийинки талкууларга да катыша тургандыгын бышыктады. АКШ Түндүк Корея өзүнүн атомдук аскерий программасын толук токтотушу керек деп эсептейт. Пхеньян болсо мунун эсесине адегенде Вашингтондон акчалай компенсация жана коопсуздук кепилдигин алгысы келет.