Нажафка кирген америкалык танктар радикал шейиттердин лидери ал-Садрдын кошуундары ээлеген позицияларды аткылоодо. Нажафты Куфа менен туташтырган жол бузулду. Кербалада түнкү уруштарда козголоңчулардан бери дегенде төрт киши өлдү. Америкалыктар ал-Садрдан армиясын таркатып, колго түшүп берүүнү талап кылышууда. Ал эми ал-Садр АКШ президенти Жорж Бушту жана Британиянын премьери Тони Блэрди айыптап, аларды “тирандардын” башчысы деп атады. Шейиттердин жогорку диний лидери аятолла Али ал-Систанинин жардамчысы тараптарды Нажафтагы уруштарды токтотууга чакырды.