Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Иракта Абу Грейб түрмөсүнөн туткундар бошотулду


Баары болуп 300дөн ашуун киши абактан чыкты. Бул иш эмдиги аптада да улантылат. Буга байланыштуу Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирак туткундарына жасалган жаман мамиленин айынан бул өлкөдө бейпилдик орнотуу иши олуттуу түрдө аксай түшкөнүн айтып, уюмдун өкүлдөрү азыр ирактыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убактылуу өкмөт түзүү ишин талкуулап жатканын маалымдады. Багдаддагы коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер эгер Ирактын жаңы өкмөтү талап кылса, америкалыктар өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп билдирди. Жаңы өкмөт быйыл жайда куралышы керек.

XS
SM
MD
LG