Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

17-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча май айынын он жетисинен 20сына чейин республикадагы дарыя-өзөн суулардын деңгээли көтөрүлүп, агымы артып, ташкындоосу ыктымал.

17-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым тоолуу аймактарда күн күркүрөйт. Чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн +13…+18 градус жылуу, күндүз +28…+33 градус ысык.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30 градустан +35 градуска чейин ысыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +6…+11 градус жылуу, күндүз +19…+24 градустун айланасында.
НАРЫНДА түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30 градуска ысык болот.
Борборубуз БИШКЕКТЕ жамгыр жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус ысык.

Жаңылыктарды Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар топтошту.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG