Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Нарындын айрым тургундары он жылдап медициналык текшерүүдөн өткөн эмес


НАРЫН. Мындай маалыматты "Алга, Кыргызстан" партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асанкул Искаков "Азаттыкка" 16-май күнү билдирди. Аталган партиянын "Дени сак улут, күчтүү Кыргызстан" аттуу долбоорунун алкагында, медициналык тармактын адистери 14-15-май күндөрү Атбашы районунун беш айылында болушуп, калк катмарынын ден соолугун текшеришкен. Алыскы айылдарда ооруган адамдар арбып, айрыкча аялдар жыныстык оорулар менен көбүрөөк жапа чеге башташыптыр. Он жылдан ашык убакыттан бери доктурга көрүнө албай жүргөн адамдар бар экендиги белгилүү болду. "Элдин жергиликтүү бийликке болгон ишеними төмөн экен деди", Асанкул Искаков.

XS
SM
MD
LG