БИШКЕК. Бүгүн “Ысыккөл-2004” аттуу алтынчы эл аралык көргөзмө жарманке аяктады. Жарманкеде “Кыргызстанда туризмди тейлөө тармагынын сапаты, туристтердин көз карашы менен” аттуу эл аралык семинар өткөрүлүп, ага Ысыккөл боюндагы 120 пансионаттын жана 220га жакын туристтик фирмалардын өкүлдөрү катышкан. Семинардын катышуучулары бүгүн Чолпонатадагы эс алуу жайларын кыдырышып, пансионаттар жана эс алуучуларды маданий тейлөөнүн сапаттары менен таанышып чыгышты.