Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

“Айдардын сүйүүсү”


БИШКЕК. “Кыргызфильм” киностудиясында “Айдардын сүйүүсү” аттуу кинотасманы тартуу багытында даярдыктар көрүлүүдө. Бул кинотасманы тартууга Франциянын, Германиянын жана Орусиянын кино компаниялары каржылап, “Санжыра” киностудиясы ишке ашырат. Тасмага Канн фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү актриса Наташа Риньенин тартылуусу күтүлүүдө. Мындай маалыматты бүгүн тасманын режиссёру Нурбек Эген уулу “Азаттыкка” билдирди. Кинорежиссер Нурбек Эген Москвадагы киноакадемиядан белгилүү кинорежиссер Владимир Хотиненкодон таалим алган.

Анын “Санжыра” аттуу кыска метраждуу тасмасы бир нече ирет эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды жеңип алган. Нурбек Эген Орусиянын ОРТ телеканалынын сунушу менен “Виллинцы” аттуу 4 сериядан турган телевизиондук тасма жана Орусиянын Байланыш министрлигинин өтүнүчү менен 8 сериядан турган “Кожоюндун кайтуусундагы сырдуу белги” аттуу телевизиондук тасма тарткан.

XS
SM
MD
LG