Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

Израилдин жогорку соту Газа тилкесиндеги палестиналыктардын үйлөрүн бузууга уруксат берди


ГАЗА. Израилдин жогорку соту бүгүн палестиналыктардын үйлөрүн бузууну токтото туруу тууралуу укук коргоочулардын кечээ чыгарган чечимин жокко чыгарды. Сот согуш абалында израилдиктер өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай аракеттерди жасоого акылуу деп эсептейт.

Иоарданияда Дүйнөлүк банктын жыйынына катышып жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл болсо палестиналыктардын үйлөрүн бузуп салууга АКШ каршы экенин билдирди.

Бүгүн эртең менен израилдик тик учмалары Газа шаарында жайгашкан палестиналык объектилерди аткылашты. Алар палестиналыктардын “Фатх” кыймылы жана “Хамас” тобунун “Ар-Ресал” гезити жайгашкан имараттарды ракета менен аткылашкан.

Маалыматтарга караганда, өлгөндөр болгон жок, бирок бир нече адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG