Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Иракта салгылашуу уланууда

БАГДАД. Бүгүн ирактык согушчандар Багдаддын чоң жолунда бара жаткан коалициялык күчтөрдүн микроавтобусун аткылашып, анда бараткан 2 ирактык тилмеч аял каза болду. Багдаддын коалициялык күчтөр жайгашкан жерден алыс эмес жерде жардыруу болуп, бир америкалык аскер каза тапты, дагы бирөө жараат алды.

Ал-Наср шаарында да жардыруу болуп, 20 киши жараат алды. Ал эми Кербала жана Нажаб шаарларында коалициялык күчтөр менен шийит мусулмандарынын лидери Мокдада ас-Садрдын тарапкелеринин ортосунда салгылашуу уланууда. Басра шаарында согушчандар коалициялык күчтөрдүн жайгашкан жерин аткылашып, британиялык аскерлердин маалыматы боюнча, ирактык 3 тургун набыт болду. Ошончо эле адам жаракат алды.
​
XS
SM
MD
LG