Евробиримдиктин Конституциясы иштелип чыкканы менен чечим кабыл алууда ага мүчө өлкөлөр арасында добуштардын бөлүштүрүлүшүнө байланышкан пикир келишпестиктерден улам кабыл алынбай келүүдө. Маселен Испания менен Польша добуштар тигил же бул өлкөнүн калкынын санына жараша бөлүнбөсүн караган системаны жакташат. Франция менен Германия буга каршы. Испаниянын жаңы премьерь министри Хосе Луис Родригес Сапатеро өткөн жума күнү анын өлкөсү мунсага барууга даяр экенин билдирди. Брюсселдеги бүгүнкү жыйында Конституция долбоорун Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери талкуулашат. Ал эми 17- июнда уюмдун саммити өтөөрү күтүлүүдө. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Конституцияны уюм 15 өлкөдөн 25ге кеңейген шартта анын чечим алуусун жеңилдетүү үчүн зарыл документ деп эсептейт.