Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Кыргыз-кытай чек арасын демаркациялоо аяктады


БИШКЕК.Кыргыз-кытай чек арасын демаркациялоо аяктады. Жалпы узундугу 1 миң 80 чакырым чек ара сызыгы толук түрдө демаркацияланды. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымында 14-майдан бери Бишкекте кыргыз-кытай чек арасын делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу өткөрүлүүдө. Эки өлкөнүн өкүлдөрү демекаркацияланган чек ара боюнча документтердин соңку редакциясын кыргыз, орус, кытай тилдеринде даярдашууда. Аламановдун маалыматына караганда эки өлкөнүн чек арасын демаркациялоонун аякташы боюнча протоколго ушул жылдын сентябрь айында өкмөт башчылар деңгээлинде кол коюлат.

XS
SM
MD
LG