БИШКЕК. Эртең Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук,Чыгыш жана Түштүк Европа боюнча бюросунун башкы директору Дэвид Престондун Кыргызстандагы иш сапары башталат. Анын визитинин максаты Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы саясий-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо. Дэвид Престон бул маселелерди Коопсуздук Кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жана тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушууда талкуулайт. Анда соода-экономикалык байланышты күчөтүү, өлкөгө инвестиция тартуу жана тоо-кен байлыктарын иштетүү тууралуу сөз болот.