Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Өзбек тарап талаштуу жерге пост орнотууда


БИШКЕК. Өзбекстан бийлиги Жалалабад обласынын Аксы районунун аймагындагы Хараша чек ара постун Кербен айлын көздөй 4 чакырымдай өз алдынча жылдырып жаңы чек ара постун курууда. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйында Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, талаштуу дилинген жерге өзбектердин өз алдынча чек ара постун жылдырышы, жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратууда. «Эгерде кыргызстандын аткаруу бийлиги тез аранын ичинде чара көрбөсө Кербен айлынын тургундары өздөрүнүн Киндикташ жайытына өтө албай калышып, эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда талаш-тартыш чыгышы толук ыктымал», деп кошумчалады Азимбек Бекназаров. Ал эми өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов чындыгында эле Керебен айлында талаштуу жер бар экендигин тастыктап, талаштуу делинген жерде чек арага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милдеттүү экендигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG