Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Тажикстандык куралдуу адамдар Кыргызстандын аймагында кыргыз милициясын опузалашты


БИШКЕК. Жекшемби күнү түштөн кийин Баткен обласынын Лейлек районунун милиция кызматерлери үч килограмм банги заттын алып бараткан бир атуулду кармашкан. Милиция кызматкерлери колго түшкөн атуулду милиция бөлүмүнө алып келишип, анын аты жөнүн, кайдан келгендигин тактап жаткан учурда автомат, пистолет менен куралданган атуулдар келишип, милиция кызматкерлерин опузалап коркутушуп, колго түшкөн атуулду бошотуп кетишкен. Алар чек арадан коңшулаш Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Банги заты милиция бөлмүндө калган. Бул тууралуу дүшөмбү күнү Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов маалымдады.

XS
SM
MD
LG