БЭЭЖИН. Кечээ кечинде Кытайдын борборуна Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. Ал бүгүн Кытайдын президенти Ху Янтау менен эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана соода байланыштары жөнүндө сүйлөшүү өткөрөт. Назарбаев Кытайдын премьери Вен Цзябао менен да жолугушуп, Казакстандан Кытайды көздөй мунай ташуучу түтүк куруу тууралуу макулдашат.