Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кондолиза Райс Палестинанын премьер-министри менен жолугушту


БЕРЛИН. Бүгүн АКШ президентинин коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Берлинде Палестинанын премьер-министри Ахмед Корей менен жолугушту. Анын учурунда Ахмед Корей “израилдик аскерлердин палестиналык качкындарын үйлөрүн буза тургандыгына байланыштуу жаңжалга АКШ кийлигишпесе болбойт” деди.

Ахмед Корей менен бирге Берлиндеги жолугушууга барган Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шааттын айтымында, Кондолиза Райс “абалга АКШ кийлигишет” деп убада бергенди.

Кечээ Кондолиза Райс Германиянын телекөрсөтүүсүнөн АКШ көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү дагы эле жактай тургандыгын айткан. Бирок анын айтымында, бул үчүн алдын ала мамлекеттин саясий жана экономикалык негиздери түзүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG