Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Ирактын Башкаруучулар кеңешинин жетекчиси өлтүрүлдү


БАГДАД. Бүгүн Ирактын Башкаруучулар кеңешинин жетекчиси Абдул Захра Отман Мохамад Багдадда болгон жардыруудан каза тапты. Жардыруу коалициялык күчтөр жайгашкан штабдын кайтаруучу жайынын жанында болгон. Ал жерде кеңештин башка мүчөлөрү да турушкан дешет. Маалыматтарга караганда, алар аман калышкан. Бирок Абдул Захра Отман Мохамад менен бирге дагы 9 киши өлгөн.
Коалициялык күчтөр “жардыруу жанкечти тарабынан жасалды” деп билдиришти.

- Бул терракт биздин элге аябагандай жоготуу алып келди. Бирок биз эрдик менен курман болгон Изеддин Салимдин туугандары туура жолдон чыкпайбыз. Биз эркиндик жана бакыт берген демократиялык бирдиктүү Иракты курабыз, –
деди Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Гази Машал Ал-Явер.

Иракта коалициялык күчтөр менен Моктада ас-Садрдын жактоочулары ортосундагы салгылашуу бүгүн да уланууда.

XS
SM
MD
LG