Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

ФИЛИП ЗИНГЕР: “ЯКУТТАР БУГУ ӨСТҮРГӨНДҮ УНУТУП КАЛЫШКАН”


Биз бош убактыбызды ар түрдүүчө өткөрөбүз. Бирөөбүз киного барып, же досторубуз менен жолугабыз, башкалар тоого чыгып, суу боюнда эс алышат. Ал эми Филип Зингер жер кыдырып, сүрөт тартат. Ал быйыл жайында Борбор Азияга, Кыргызстан аркылуу Тажикстанга баруу пландары жөнүндө айтып берди.

- Менин максатым, биринчиден Борбор Азия менен таанышуу. Анан Тоолуу Бадахшанга барып, тажик-ооган чек арасы тууралуу репортаж даярдайм.

- Ал жакка сен иш менен баратасыңбы же бул сенин жайкы эс алууңбу?

- Бул - менин жайкы дем алуумдун мезгили. Бирок мен ошол эле учурда ал жакка иштегени баратам, анткени бош убактым болгондо коммерциялык тапшырма менен, өзүм кызыккан нерселерди сүрөткө тартам.

- Сен бир нече жылдан бери Сибирге барып жүрбөйсүңбү?

- Ооба, мен беш жылдан бери жылыга Сибирдин ар кайсы жеринде болуп, ар түрдүү улуттун адамдарын сүрөткө түшүрдүм, алардын жашоо-турмушу менен тааныштым.

- Сени Сибирдин түпкүлүктүү элдери эмнеси менен кызыктырат?

- Сибирде, Орусиянын башка аймактарында ар кандай элдер жашаарын көп адамдар анча элес албайт. Ошондуктан, мен башында Якутияны көргүм келди. Барганда, мисалы, ошол эле Борбордук Орусиядагы элдерден бөлөкчө жашаган элдердин турмушу менен тааныштым.

- Алардын жашоосу Орусиядагы башка көпчүлүк элдердин жашоосунан эмнеси менен айырмаланат экен?

- Абдан айырмаланат. Коммунизмдин тушунда ар кандай нерселер болгон. Алардын көнүп алган турмуш ыргагы бузулуп калган. Якутияда, Таймырда, Ямалда жашагандар жаратылышка жакын болушкан. Аңчылык кылып, балык уулап, көчүп-конуп жүрүшкөн. Тундрада боз үй, алачыктарда жашашкан. Совет бийлиги убагында бул турмуштан баш тарттырып, көбүн шаарга көчүрүшкөн. Көнбөгөн жаңы жашоодон көп кыйынчылыкка туш келишкен, аракечтик көбөйгөн. Азыр алар мурдагы жашоо ыргагына кайтып келгилери келишет. Бирок көп жыл өтүп кеткендиктен, кыйналып жатышат. Көбү дагы деле шаарда, аз гана бөлүгү кайра тайгага кайтып кетишти.

- Мурункудай жашоого кайтып келүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Азыраак ичип калышат дейсиңби?

- Ооба, алар ушинтип ойолошот, бирок көбү муну каалабайт. Анткени алар азыр бугу өстүргөндү билишпейт. Ошондуктан, гуманитардык уюмдардан келип, бул кесипти аларга кайрадан үйрөтүп жатышат.

- Сибирдин элдери сизге кандай таасир калтырды? Алар кандай адамдар экен?

- Сибирдегидей адамгерчиликтүү адамдарды мен башка эч бир жерден кезиктирген жокмун. Өтө мээримдүү келишет, бири бирине дайыма кол кабыш кылышат. Бизде - Чехияда такыр башкача. Ал эми Сибирде жашагандар бир-бирине карамдуу келет, анткени жашоосу оор.

- Кыргыздар да бир убакта Сибирден келген. Кыргыздар да жаратылышка жакын, бабалардын арбагына сыйынган шамандар болгон. Ал эми бүгүн Сибир элдеринде бул диний ишеним калдай сакталып калды? Башка кайсыл диндердин таасирин байкадың?

- Мисалы якуттарда, ненецтерде жана эвенктерде шаманчылык жакшы сакталган. Мурда аларды православ динине өтүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, алардын көбү азыр православдар. Бирок алар бул динди карманышпайт, паспортунда православ деп жазылган, бирок алар шаманчылык каада-салттарын сакташат.

- Шаманчылыкты кандайча карманышат? Ооруларды дарылашабы?

- Ооба, дарылашат, бирок айтуу кыйын. Мен өзүм эч качан көргөн жокмун, чет элдиктерге көрсөтүүгө тыюу салынган. Укканыма караганда, дары чөп менен дарылап, ар түрдүү ырым-жырымдарды жасашат. Шаман айылдан 10 чакырым алыс жерде, чытырман токойдо жалгыз жашайт. Бейтаптар ошол жакка барып, дарыланышат. Шаман аларды добулбас менен, ыр-күү менен эмдейт.

- Сибир элдери ар кандай диний түшүнүктөрдү тез кабылдаган, көкүрөгү ачык эл келет эмеспи, алардын арасында мусулман динин кабыл алгандар барбы?

- Алар эч качан мусулманчылыкты кабыл алган эмес. Бирок Сибирде кийин келген тажиктер бар. Алар ар кандай мунай, газ ишканаларында кара жумушта иштешет. Мен мисалы, Таймырда, Орусиянын эң түндүктөгү шаары Норильскиде болгондо көрдүм, Тундрада, кышында суук 50 градуска жеткен жерде мечит турат.

- Ал эң түндүктөгү мечит болсо керек да?

- Ооба, менимче эң түндүктөгү мечит. Бир караганда, сырты көгүлтүр түскө боёлгон, араб өлкөлөрүндөгүдөй минарети бар кадимки эле мечит. Тундрада жума күнү намазга чакырык кулакка кызык угулат экен.

- Фотограф, сүрөтчү дегенде, адатта жаратылыштын кооздугун, же ата-энесин балдары менен тизип алып сүрөткө тарткан киши көз алдыга элестейт. Ал эми сен журналист-сүрөтчү катары кандай сүрөттөргө "аң уулайсың"?

- Бул кесипти жактырганым, көп жаңы нерселерди биле алам. Фотожурналист катары, көп жерлерге барам. Түйшүгү көп, бирок бул иштин аркасы менен элге ар кайсы өлкөлөрдүн турмушун көргөзө алам. Чагылдырып жаткан окуяны башкалар түшүнгүдөй кылып тартыш керек. Бул үчүн көп ойлоном.

- Филип, жашың 23тө. Сага мынчалык түйшүк тартып эмне кереги бар? Сенин курбалдаштарың Грецияга, Канар аралдарына барып, деңиздин боюнда эс алып жүрүшөт.

- Мен мындай ишти өзүм тандап алдым. Бул проблемаларга кызыгып калгандан кийин, көбүрөөк билгим келди. Кандайдыр бир чоң, 10 жылдык долбоорлорду ишке ашырып, башка элдердин жашоосун көрсөтсөм дейм.

- Филип, мындай саякаттарга жайкы дем алуунун мезгилинде барып, өз акчаңды коротуп иштеп жүрөсүң. Бул чех жаштарына канчалык мүнөздүү? Же жаштардын ар кимисинин жолу ар башкабы?

- Ар ким ар кандай. Мисалы, кыргыздар Тянь-Шанда же Памирде кездештирген чехтер университетте окуп жүрүп, тоого чыгып, жаратылышка суктанганды жакшы көрүшөт. Чындап келгенде аларды бул өлкөдө жашаган адамдардын жашоо-тирлиги, мында болуп жаткан окуялар кызыктырбайт. Мындай жаштар деле бизде өтө көп деп айта албайм. Чехияда дагы интеллектуалдардын тобу бар. Чет өлкөгө чыгууга мүмкүндүк пайда болгондо, алардын бир бөлүгү Америкага баргысы келет, бир даары Чыгышты беттеп кетет.

XS
SM
MD
LG