Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Жаңы министрлик калыптанууда

БИШКЕК. Эл аралык интеграция жана кызматташуу боюнча жаңыдан дайындалган министрге тутуму 10 адамдан турган аппаратты жана 5 кызматкерден турган коллегияны түзүүгө уруксаат берилди. Ага негиз берген токтомго премьер-министр Николай Танаев кол койду. Эл аралык интеграция жана кызматташуу боюнча министрдин милдетин аткарууга ушул жылдын 1-апрелинде Тажимамат Шаболотов дайындалып, Кыргызстан менен чет мамлекеттер ортосунда соода-экономикалык кызматташуу, аны бекемдөө жаатында мамлекеттик бирдиктүү бир саясат жүргүзүүгө милдеттендирилген. Министрлик үчүн машина менен жай берилди, бирок,анын иштөөсү үчүн быйылкы бюджетте акча каралбагандыктан азыр каражат изделүүдө.
​
XS
SM
MD
LG