Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Аламүдүн районунун жети тургуну жер көчкү коркунучунан улам коопсуз жерге көчүрүлдү


ЧҮЙ. Аламүдүн районуна караштуу Татыр айылынын тургуну Ислам Жанузаков жер көчкү коркунучун эки күн мурун байкап, жергиликтүү бийликке маалымдаган. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук бөлүмүнүн байкоо салуучу тобу аталган айылга 18-май күнү келип, изилдөө ишин баштады. Мониторинг тобунун жетекчиси Шейшеналы Усубаевдин билдиришинче, жер көчкү жүрүп кетсе 500-600 метр алыстыктагы 2 мал сарайды басып калышы мүмкүн. Аталган сарай "Дордой" базарынын жетекчиси Райымбек Мааткабыловго таандык. Жер көчкү коркунучунан улам 7 киши ушул эле күнү коопсуз жайга көчүрүлдү жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкү коркунучу туулган жерлерге күзөт кызматкерлери коюлду.

XS
SM
MD
LG