Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

БГУ Кытай боюнча адистерди даярдоого киришти


БИШКЕК. Кыргызстандын Бишкек гуманитардык университетинде кытай тилин үйрөтүүчү факультет ачылды. Мындай маалымат бүгүн окуу жайдын ректору Сыртбай Мусаевден алынды. Анын маалыматына караганда, факультетти ачууга Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги көмөктөшүп, тил үйрөтүүчү борборго 12 миң долларлык жабдуу берди.

Факультетте сабак берүү үчүн Кытайдан адистер чакыртылып, быйылтан тарта кытай тилинен тышкары Кытайдын экономикасы, тарыхы, адабияты жана философиясы боюнча адистерди даярдоо башталды. Ал эми билим алууну Кытайда улантуу үчүн жүргүзүлгөн конкурста бул окуу жайдын студенттери берилген сегиз орундун жетөөсүн жеңип алды.

Университетте андан тышкары Италия борборун ачуу үчүн бул өлкөнүн жеке ишкерлеринен 15 миң евро келип түшүп, Рим университети мурда түзүлгөн макулдашууга ылайык жакында ири өлчөмдөгү инвестиция жөнөтүлөөрүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG