Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

АКШ менен Орусиядан жардам келди


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобуна 36 миң долларлык жабдууну белекке керди. Министрликтин басма сөз кызматкери Эмил Акматовдун кабарлоосуна караганда, алардын арасында куткаруучулар бийик тоодогу куткаруу иштерине колдонуучу лыжа, чырак, чатыр жана дары-дармек, тамак-аш салынуучу термостор бар. АКШ элчилигинин аскерий атташеси Марк Хеллестин айтымында, элчилик ушул айдын аягында карда жүрүүчү чаналарды берет.

Ал эми Орусиянын Күтүүсүз кырдаалдар жана атуулдук коргонуу министрлиги Алай районунун Будалык айылындагы жер көчкүдөн жапа чеккендерге жардам иретинде 6 миллион рублдик тамак-аш жана курама үйлөрдү жөнөттү. Бул тууралуу Орусиянын Күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Юрий Бражников билдиргендигин Орусиянын РИА «Новости» агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG