Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

«Эл үчүн» шайлоо блогу парламенттик башкаруу системасын колдойт


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» жана аны колдогон бир нече саясий партиялардын Конституцияга пропорционалдык шайлоо ыкмасы жөнүндөгү жобону киргизүү боюнча көтөргөн демилгесинен улам «Эл бийлиги үыүн» шайлоо блогуна кирген партиялар мамлекет башчысы Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Анда соңку он жылдын ичинде Аскар Акаев башында турган бийлик өкүлдөрү ар кандай реформаларды шылтоолоп, өз жеке бийлигин чыңдоо максатында Башмыйзамды төрт жолу өзгөрткөндүгү айтылган. Кайрылуу ээлери эгерде Башмыйзамга өзгөртүү киргизиле турган болсо, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны негиз кылып өлкөдө парламенттик башкаруу ыкмасын киргизүүнү, ал эми парламенттин 50 пайызын партиялык тизме менен шайлоону сунушташты.
Өткөн аптанын соңунда «Алга, Кыргызстан» жана башка бир нече саясий партиялар Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо системасы жөнүндөгү жобону киргизүү демилгесин көтөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG