Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

АКШнын мамдепартаменти адам укуктары отчетун жарыялады


БИШКЕК. Адам укуктарын коргоо жаатында кыргыз өкмөтүнүн 2003-жыл менен ушул жылдын төрт айындагы аракети канааттандырарлык эмес. Бул убакыт аралыгында кыргыз бийлиги тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу 2003-жыл жана 2004-жылдын соңку төрт айы боюнча жарыялаган жылдык докладында айтылган. Адам укуктарынын бузулушуна мисал катары Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан карапайым атуулдардын ур-токмокко алынышы, түрмөлөрдөгү оор абал, соттордун аткаруу бийлигине көз карандылыгы айтылган. Ошондой эле ал жерде Кыргызстанда 2003-жылдын февраль айында өткөрүлгөн референдум одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мамлекет башчынын жеке бийлиги чыңдалып, парламент жана Конституциялык соттун ыйгарым укуктары алсыратылгандыгы баса көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG