СИМФЕРОПОЛЬ. Бүгүн Симферополь шаарында депортациянын 60-жылдыгын белгилеп, 20 миңге жакын крым татары митинг өткөрүштү. Тынч демонстрацияны 5 жарым миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөп турушту. Кандайдыр чоң тартип бузуулар жөнүндө маалымдалбайт.
1944-жылы 18-майда Крымда жашаган 200 миңден ашуун крым татарлары "нацисттик Германия менен кызматташты" деген кине менен Сибирге жана Борбор Азия жумурияттарына айдалган эле. Советтер союзу кыйрагандан кийин 250 миңге жакын крым татары мекенине кайтып келген. Крым татарларынын ата-бабасына таандык жерди кайтарып алуу мүдөөсү калкынын басымдуу бөлүгүн орустар түзгөн чөлкөмдө акыркы убакта улуттар аралык мамилелердин курчушуна себеп болууда.