РАФАК. Израилдик аскерлердин Газа тилкесиндеги рейди учурунда 18 палестин курман болуп, 30 чакты палестин жараат алды. Бул израилдик аскерлердин палестиндердин 2000-жылкы көтөрүлүшүнөн бери жасаган эң чоң чабуулу.
- Үйлөрдүн кыйратылышын АКШ, Улуттар Уюмунун баш катчысы сындады. Эми биз эл аралык коомчулукка жана Улуттар Уюмуна кайрылып, палестиндерди өлтүрүү жана алардын үйлөрүн кыйратып, жок кылуу өнөктүгүн токтотууну талап кылабыз,- деп айтты Палестин автономиясынын эмгек министри ал-Хатиб.
АКШнын президенти Жорж Буш Израилдин бул аракеттерин сындоо менен бирге Израиль өзүн коргоого укуктуу деп кошумчалады. Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз курал ташуу үчүн салынган жер алдындагы өтмөлүктөрдү жок кылуу максатын көздөгөн бул операцияны ишке ашырууга белгилүү бир мөөнөт чектелбегенин билдирди.