Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:57

2012-жылдагы Олимпиаданы өткөрүүнү беш шаар талашат


Алар: Нью-Йорк, Лондон, Мадрид, Париж жана Москва. Бул тууралуу кечээ Швейцарияда Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин жыйынынан кийин жарыяланды. Калган төрт шаар: Кубадан Гавана, Түркияда Стамбул, Германиядан Лейпциг, Бразилиядан Рио де Жанейро талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. 2012-жылдагы жайкы Олипиадага кожоюн болуучу шаар эми келээрки жылдын июль айында биротоло аныкталат.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG