Газа тилкесинде палестин качкындарынын Рафах лагериндеги операциясы үчүн Израилди Улуттар уюму, Араб лигасы, Евробиримдик айыптады. АКШнын президенти Жорж Буш болсо бул жердеги окуялар кооптондурат, бирок Израил өзүн-өзү коргоого укуктуу деп эсептейт. Рафахта жүргүзүлгөн рейддердин учурунда кеминде 19 адам мерт болду. Палестин тараптын айтымында, алардын арасында жөн-жай адамдар, жаш балдар да бар. Палестин лидери Ясир Арафат Рафахтагы операцияны "ири кыргын " деп баалады. Ал эми Израилдин аскерий өкүлдөрүнүн айтымында, операция палестин согушкерлерине каршы жана курал контрабандасын токтотууга багытталган.