ЖАЛАЛАБАД. Облустагы лидер аялдар биримдигинин семинары Сузак районунда өттү. Адегенде жергиликтүү кеңешке шайлоолорго депутаттардын 30 пайызына жетишүү максаты талкууланды. Аймактагы бейөкмөт уюмдар менен демилгелүү аялдар борборлорунун жетекчилерине Шайлоо кодекси жана күзүндө болуучу жергиликтүү кеңешке шайлоолор жөнүндө түшүнүктөр берилди. Облуста бошогон айыл өкмөт башчылардын ордуна талапкер болоор аялдардын тизмеси такталды жана ал семинар башка район, шаарларда да эми өткөрүлүп жатат.