Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүшү ыктымал


БИШКЕК. «Ушул жылдын июнь айында Кыргызстандын саясий турмушунда ири өзгөрүүлөр болуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү маселеси чечилиши мүмкүн»,-деп билдирди бүгүн депутат Акылбек Жапаров. Анын айтымында, буга 13 саясий партиянын пропорционалдык шайлоо ыкмасы жөнүндөгү жобону Конституцияга киргизүү аракети негиз берет.

Бирок радикалдуу маанайдагы жана өкмөтчүл партиялардын башын бириктирип жаткан бул аракеттен майнап чыгышы күмөн. Анткени бул маселени Жогорку Кеңештин эки палатасы карап, депутаттардын үчтөн экисинин колдоосуна ээ болушу керек. Андан тышкары Конституциялык соттун бүтүмү зарыл. Мындай иштерди жасоого убакыт жетпейт.

Келээрки шайлоого чейин референдум өткөрүүгө да убакыттын жетиши күмөн жана бул максатты ишке ашыруу үчүн 300 миң атуулдун колун чогултуу зарыл.

Ал эми Конституцияга партиялык тизме менен шайлоо системасын киргизүүгө аракеттенип, партиялар клубун түзүү керек деген чечимге келген 13 саясий партиянын катарындагы «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев партиялар блогу азырынча түзүлө электигин жана кол чогултуп референдум өткөрүү маселеси козголбогондугун билдирди. Анын айтымында, алар Конституцияга өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш аркылуу киргизүүнү көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG