Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Депутаттык топ региондордун өнүгүшү үчүн аракеттенет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстандын региондору» депутаттык тобу бардык облустардын өнүгүүсү жана ага кедергисин тийгизип жаткан жагдайларды иликтеп, алардын өнүгүшүнө зарыл каражатты эмдиги жылкы мамлекеттик бюджетке киргизүүгө аракеттенип жатат. Бул тууралуу бүгүн депутаттык топтун өкүлдөрү Акылбек Жапаров менен Ишенбай Молдоташев билдиришти.

Ишенбай Молдоташевдин айтымында, өкмөт ар бир регионду өнүктүрүү боюнча региоаналдык саясат жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок андай ырааттуу саясат болбогондуктан мамлекеттен каражатты бир аймак экинчи аймактан кем алып, дискриминациялык абал түзүлүүдө. Буга өз жерине жан тарткан министрлердин тайкы саясий көз карашы өбөлгө түзүүдө. Ушундан улам депутаттык топ жергиликтүү бюджетти түзүү саясатын өзгөртүүнү сунуштоодо. «Эгер биздин сунуш эске алынбаса эмдиги жылкы бюджетти кароодо аны биздин депутаттык топ колдобойт», - деп билдирди Акылбек Жапаров.

XS
SM
MD
LG