Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошууну түзүлдү


БИШКЕК. Бүгүн «Адилет шайлоо үчүн» аттуу атуулдук кошуун түзүлдү. Аны Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов, Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев, «Эл» партиясынын төрагасы Мелис Эшимканов, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев түзүштү. Кошуундун координациялык кеңеши да түптөлүп, анын төрагалыгына Мисир Ашыркулов, орун басарлыгына Адахан Мадумаров менен Марат Султанов дайындалды.

Кошуундун мүчөсү Мелис Эшимкановдон ушул күнү алынган маалыматка караганда, бул - бийлик менен оппозициянын ортосунда турган үчүнчү саясий күч болуп, келээрки президенттик жана парламенттик шайлоону адилет өткөрүү, экстремисттик ойлор менен трайбалисттик көз-караштарды басаңдатып, коомдо саясий туруктуулук менен сабырдуулукту калыптандыруу максаты менен түзүлдү жана ага Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган атуулдар топтолду. Кошуун алгачкы аракети катары эл арасында шайлоолордун адилет өтүшү боюнча иштерди жүргүзүп, август айынан тарта аны жандандырат.

XS
SM
MD
LG