Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Иранда Ирактагы окуяларды сынга алган митингдер өттү


ТЕГЕРАН. Бүгүн миңдеген ирандыктар Ирактан АКШ аскерлеринин кетишин талап кылган митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясына катышкандар АКШ менен Британиянын, Израилдин тууларын өрттөп, аларга каршы ураан чакырышты. Британ элчилигине таш ыргытышты, бул аймакта полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болду.

Буга чейин Ирандын жетекчилери ыйык шаарлар саналган Кербала менен Нажафдагы АКШ аскерлеринин аракетин кескин сынга алган. АКШ Иран менен мамилесин 1980-жылы үзүп, элчилигин алып кеткен.

Жергиликтүү мамлекеттик радионун маалымдашынча, нааразылык акциялар Ирандын Исфахан, Ком, Мешхед шаарларында да өттү. Тегерандагы демонстрацияга мамлекеттик кызматчылар да катышты.

XS
SM
MD
LG