Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Рафахта Израил аскерлери көпчүлүктү көздөй ок атышты


РАФАХ. Израил аскерлери бүгүн Газа тилкесиндеги качкындардын наазылык билдирген көпчүлүгүн карай ок жаадырды. Анын кесепетинен 10 киши өлүп, 40 адам жарадар болду. Палестиндик байкоочулар аскерлер асмандан ракета менен аткылашканын айтып жатышат. Кечээтен бери Рафахта Израил аскерлери тарабынан 32 палестиндик өлтүрүлгөндүгү кабарланды.

Рафах лагериндеги үйлөрдү тинтип, талкалоонун себебин Израил туннелдер аркылуу Египеттен ташылып келинген куралдарды жана козголоңчуларды жок кылуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Рафахтагы Израилдин аракетин буга чейин Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги, Араб мамлекеттеринин Лигасы сынга алып, турак үйлөрдү талкалоону токтотууга чакырган. АКШ президенти Жорж Буш тынчсыздануусун билдирип, бирок Израилдин терроризмге каршы күрөшүү укугу барын белгилеген.

Палестин өкмөтү бул окуяга байланыштуу чара көрүү талабы менен эл аралык коомчулукка кайрылууда.

XS
SM
MD
LG