Европанын Адам укуктары боюнча соту кечээ күнү атайын чечим кабыл алып, 2000-жылы Орусияда Владимир Гусинский себепсиз камакка алынган деген бүтүм чыгарды. "Медиа-Мост" компаниясын жетектеген Гусинский "Газпром" ишканасынан мыйзамсыз карыз алган деп камалган жана эми Европалык соттун чечими менен ага 88 миң евро кенемте төлөп берилүүгө тийиш. Орусиянын өкүлү Павел Лаптевдин айтымында, Маскөө бул бүтүмгө каршы арыз жазат. Гусинский азыр Испанияда жашайт.