АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Ирактын жаңы жетекчилиги келерки эки аптада тандала турганын жарыялады:
- Бириккен Улуттардын Ирак боюнча өкүлү Лахдар Брахиминин пландарын мен биздин өкмөт мүчөлөрү менен талкууладым. Ал азыр өкмөттүн курамы боюнча консультацияларды Ирак жетекчилери жана башка саясатчылар менен жүргүзүп жатат. Менин оюмча, келерки эки аптада ким президент, ким вице-президент, премьер-министр жана министр болоору чечилет.
Иракта болсо кечээ күнү америкалык тик учмадан ыргытылган бомбалар Ирактын Сирия менен чек арасындагы айылда өтүп жаткан үйлөнүү тоюна тийгенден кырктан ашык адам набыт кетти.