Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Бириккен Улуттар Израилдин аракеттерин сынга алган резолюция кабыл алды


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү атайын резолюция кабыл алып, Израилди - басылып алынган араб жерлериндеги араб үйлөрүн кыйратууну токтотууга чакырды. Андан тышкары резолюцияда - Газа тилкесиндеги Рафах айылынын араб тургундарын жөөт аскерлери өлтүргөнү дагы сынга алынат. Кеңештин 15 мүчөсүнүн он төртү резолюция үчүн добуш берди, бир гана Америка Кошмо Штаттары калыс калды. Бирок АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израилдин аракеттерин жактырган жок:

- Менин оюмча, Газа тилкесиндеги Израилдин акыркы күндөрдөгү аракеттери жаңы маселе жаратып, абалды начарлатып жиберди. Эми тынчтык жараянын калыбына келтирүү биз үчүн өтө татаал болот.

Израил өкмөтү акыркы мезгилде коопсуздук тилкесин куруу шылтоосу менен арабдардын үйлөрүн бульдозер менен түрттүрө баштаган.

XS
SM
MD
LG